Бишкек шаардык жылуулук электр борборундагы жарылууда жабыркаган кызматкерге ишкананын балансындагы үйдө жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Кырсык болгонго чейин жабырлануучу үй-бүлөсү менен жатаканада жашаган жана жалгыз багуучу болуп келген.
Ошондой эле эки жабырлануучуга моралдык чыгымдын орду толтурулганы кабарланды.
Быйыл 2-февралда борбор калаадагы жылуулук электр борборунда авария болуп, анын кесепетинен айрым жабдыктар иштен чыккан. Кырсыктын кесепетинен беш кызматкер жабыркаган.
Алар Түркиянын Адана шаарындагы мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында дарыланышкан. 9-майда Бишкек шаарына кайтып келгенден кийин саламаттык сактоо министрлигине караштуу Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо, илимий-изилдөө институтунда реаблитациядан өтүшкөн.