Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту: Качкындардын укуктарын коргоо боюнча чаралар күчөтүлөт

Кыска кабар | 5 Июн 2024 | 267 | 0

Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев менен БУУнун Кыргызcтандагы кеңсесинин жетекчиси Елена Гусева сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда тараптар качкындардын, башпаанек издегендердин укуктарын, эркиндиктерин коргоо боюнча кызматташууну күчөтүүгө макулдашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Акыйкатчы институту менен БУУнун Кыргызстандагы качкындар боюнча комиссарлыгы биргелешкен иш-чаралар боюнча документке кол коюшту.

Документте качкындарга өз укуктарын ишке ашырууга жардам берүү боюнча биргелешкен кадамдар так жазылганы айтылды.

«Акыйкатчы институту этникалык кыргыздар тарыхый мекенине көчүп келгенден кийин кандай көйгөйлөргө туш болгонун ийне-жибине чейин изилдеп чыкты. Көбүнчө адам укуктарын бузуулар болгон, бул абал бизди тынчсыздандырат. Ошого карабастан биздин кызматкерлер алардын укуктарын калыбына келтирүү үчүн бардык чараларды көрүп жатышат», — деди Жоробаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM