Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевди кызматынан бошотуу сунушун колдоду

Кыска кабар | 5 Июн 2024 | 131 | 0

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында Курманкул Зулушевди башкы прокурор кызмат ордунан бошотууга макулдук берди.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Жыйынтыгында депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан бошотуу тууралуу президенттин сунушун колдоду.

Ал ортодо президент Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы прокурорлугуна Максат Асаналиевдин талапкерлигин көрсөткөнү белгилүү. Тиешелүү документтин көчүрмөсү социалдык тармактарга жарыяланды.

Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов тастыктады. Анын айтымында, Максат Асаналиевдин башпрокурорлукка талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.

Маалыматтарга караганда, Максат Асаналиева 2022-жылы 20-майда Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Буга чейин ал Бишкектин Биринчи май районунун прокурору болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM