Биз менен байланышыңыз

Жыргалаңда мамонттун сөөгү табылды (сүрөт)

Кыска кабар | 4 Июн 2024 | 374 | 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районудагы Жыргалаң дарыясынын байыркы жайылмасынын кумдуу жерлеринде карьердик иштер учурунда мамонттун сөөгү  табылды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

2-июнда табылга тууралуу карьердин ээси Рустам Карыпбаев кабарлап, археологдор жерине барган. Алардын текшерүүсүндө карьердин 3-5 метр тереңдиктеги кум-шагыл арасынан 140-150 метр аралыкта эки башка жерден тиштин жана астыңкы жаактын сыныктары табылганы белгилүү болгон. Азуу чыккан жерди тазалоодо көмүлгөн сөөктүн бир бөлүгү табылган.

Сөөктөр начар абалда болгондуктан археологдор баш сөөктүн бир бөлүгүн гана алып чыга алышты. Мурда табылган тиштин жана жаактын сыныктары тазаланып, алгач жеринде сакталды. Бардык табылгалар таңгакталып, ташууга даяр. Консервациялангандан кийин бардык табылгалар музейге өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM