Биз менен байланышыңыз

Депутат бассейндерде сөзсүз куткаруучу болушу керек деп эсептейт

Кыска кабар | 30 мая 2024 | 191 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев жай мезгилинде сууга түшкөндөр көбөйөрүн, буга байланыштуу коопсуздук эрежелерин күчөтүп, кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин айтты. Ал бассейндерде сөзсүз куткаруучу болушу керек деп эсептейт.

«Кырсык болуп калганда гана тергөөнү билесиздер, алдын алуу чараларын көрүш керек. Кээ бир ата-энелер балык кармаганы барганда, баласы сууга чөгүп кеткен окуялар да болду. Бассейндерде коопсуздукту көзөмөлдөй турган кызматкер ар дайым болушу керек. Бала чөгүп жатканда гана телефон чалып, коопсуздук кызматкерин чакырышат. Чет мамлекеттерде көргөн болсоңуздар бассейндерде ар дайым куткаруучулар бар» , — деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовдун маалыматына караганда, быйыл төрт айда 17 бала сууга чөгүп каза болду.

Ал учурда билим берүү, өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик, ата-энелер менен бирге сууга түшүү коопсуздугу боюнча профилактикалык иштер жүрүп жатканын билдирди.

2022-жылы 6-июнда Бишкектин №95 орто мектебинин 3-классынын окуучусу «Ала-Тоо» аквапаркында бассейнге чөгүп көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM