Биз менен байланышыңыз

«Бишкек-Кордай» жолунда жөө жүргүнчүнү коюп кеткен айдоочу кармалды

Кыска кабар | 30 мая 2024 | 232 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы «Бишкек-Кордай» жолунда жөө жүргүнчүнү коюп кеткен айдоочу кармалганын кабарлады.

29-майда болжол менен саат 21:50 чамасында Аламүдүн районун «Бишкек-Кордай» унаа жолунун 9-чакырымында белгисиз айдоочу түндүктөн түштүккө карай бара жатып, жолдон өтүп жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгынан 1974-жылы туулган Б.С.В. аттуу жаран көз жумган.

Бул факты боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Лексуз-RX300 үлгүсүндөгү авто унаанын 1994-жылы туулган М.Ш.Э аттуу айдоочусу кармалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM