Биз менен байланышыңыз

Карызы барлардын жаратылыш газы 1-июндан тарта өчүрүлөт

Кыска кабар | 30 мая 2024 | 146 | 0

«Бишкекгаз», «Чүйгаз», «Ошгаз» жана «Жалалабатгаз» ишканалары 1-июндан тарта эки жана андан көп айлык карызы топтолгон абоненттерге жаратылыш газын берүүнү токтотот.

Газ камсыздоо тутумуна кайрадан кошулуу үчүн карызды толук жабуу керек. Калкты тейлөө кеңселеринде карызды төлөө тууралуу дүмүрчөктү көрсөтүп, кошулууга арыз жазуу зарыл. Калкты тейлөө кеңселеринде газга кайра кошулуунун акысын төлөө керек.

Төлөмдү жеткиликтүү болгон каалаган ыкма менен, анын ичинде MEGAPAY, O!Деньги, Balance.kg электрондук капчыктары аркылуу жүргүзсө болот.

Жаратылыш газын берүү 3 иш күндүн ичинде кайра калыбына келтирилет.

Айдын биринчи күнүнө карата карыздын суммасы/баланс жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан билип алса болот:

  1. 4444 сурап-билүү кызматы (уюлдук телефондон чалуу акысыз);
  2. www.gazprom.kg сайты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM