Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ысык суу 1-июндан тарта бериле баштайт

Кыска кабар | 29 мая 2024 | 216 | 0

Бишкек шаарында ысык суу 1-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынан кабарлашты.

Суу берүү 3-4 күнгө созулат. Биринчи кезекте социалдык объектилерге берилет. Ал эми жөнгө салуу иштери 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Быйыл Бишкекте суу 22-апрелде токтотулган, оңдоо иштери 40 күнгө созулду. Буга чейин профилактикалык иштер жүргүзүлүп, жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн ысык суу бир айга өчүрүлүп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM