Биз менен байланышыңыз

УКМК Тыналиев көчөсүндөгү 2,5 га жер тилкесин мамлекетке кайтарды

Кыска кабар | 29 мая 2024 | 223 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте 2,5 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Андан соң, жер тилкеси Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашуудан кийин 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң АКШ долларына жеке менчикке алынган.

Бирок ал участоктун ошол кездеги базар баасы 2 миллион долларды түзгөн.

Мындан тышкары, жер тилкесинин баштапкы багыты социалдык мааниге ээ экендиги аныкталып, ал соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн өзгөртүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин ээси аталган участокту мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен акысыз өткөрүп берди.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM