Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда археологиялык жана этнологиялык экспедициялар башталды

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 218 | 0
Илимий экспедиция жүргүзө турган археолог-этнографтар, 28-май, 2024-жыл.

Кыргызстандын тарыхын изилдөө боюнча «Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программасы башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

2023–2027-жылдарга тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыккан. Ага ылайык, республиканын археолог-этнографтары илимий экспедиция жүргүзүүгө өлкө аймактарына жиберилди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалводун айтмында, археологиялык жана этнологиялык изилдөө иштерине 584 млн сом бөлдү. Жалпы археологдордон жана этнологдордон турган 14 изилдөө тобу түзүлдү.

Изилдене турган аймактар: 

— Чүй облусундагы Курама палеолит доорунун эстеликтерин изилдөө;

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалы-Таш эстеликтери;

— Дүйнөдөгү көлөмдүү петроглифтердин коллекциясы жайгашкан Саймалы-Таштагы аска таш сүрөттөрүн, эстеликтерин музейлештирүүгө даярдык иштери;

— Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Торпок айылынындагы сак дооруна таандык көрүстөндөрдү изилдөө иштери;

— Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы  Кенкол тибиндеги көрүстөндөрдү изилдөө иштери;

— Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак тибиндеги Кызыл-Кошун көрүстөнүн изилдөө;

— Нарын облусунун Кочкор районундагы түрк доорунун эстеликтерин изилдөө;

— Бишкек шаарынын аймагындагы Кузнечная шаар уранды конушун изилдөө;

— Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная-Речка конушун изилдөө;

— Ысык-Көл өрөөнүндөгү Асман шаары пландалган аймагындагы эстеликтерди изилдөө;

— Ысык-Көл облусунун Жууку өрөөнүндөгү эстеликтерди изилдөө;

— Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө шаар уранды конушун изилдөө;

— Баткен облусунун Лейлек районунун археологиялык картасын түзүү;

— Аймактарда этнологиялык экспедициялар этнологдордун тобу тарабынан жүргүзүлөт.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын аягында “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM