Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 357 | 0

Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда. Бул тууралуу Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

«Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режиминин алкагында валюта курсунун кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында валюталык соодага катышат. Жыл башынан бери жөнгө салуучу орган 9 интервенция жасаган. Анын 7си чет элдик валютаны сатып алууга багытталып, жалпы 113 млн доллар чет элдик валюта сатып алынды», — деди Султанкулов.

Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы өлкөдө алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режими сакталып, рынок динамиканы өзү аныктай турганын белгиледи.

«Азыркы учурда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда жана буга байланыштуу чет элдик валютага суроо-талап төмөндөп, сунуштар жогорулады, бул өз кезегинде алмашуу курсуна таасир этүүдө», — деди ал.

Улуттук банк валюталык интервенцияны алмашуу курсун текшилөө максатында жүргүзөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүунү улантууда, бүгүн, 28-майга карата 1 доллар 88,98 сомдү түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM