Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайызга чейин төмөндөттү

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 273 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 200 базистик пунктка 9 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим Улуттук банк Башкармасынын күн мурун, 27-майдагы жыйынында кабыл алынды. Чечим бүгүн, 28-майдан тартып күчүнө кирет.

«Кыргызстанда инфляциянын төмөндөшү уланып жатат: 2024-жылдын май айында керектөө бааларынын өсүш арымы жылдык мааниде 4,4 пайызды түзгөн (2023-жылдын декабрь айында – 7,3 пайыз). Баалардын төмөндөө динамикасы Улуттук банк тарабынан 2022-жылдан тартып жүргүзүлүп келе жаткан инфляциянын өсүшүн чектөөгө жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүн акырындык менен төмөндөтүүгө багытталган акча-кредит саясатынын жыйынтыгы болуп саналат. Инфляциянын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын өсүш арымы туруктуу төмөндөшү уланып жатат, ага дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын акырындык менен төмөндөшү дагы өбөлгө түзүүдө», — деди ал.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2024-жылдын 29-июлунда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM