Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тизмесине кирди

Кыска кабар , Спорт | 27 мая 2024 | 617 | 0

Улуттук ат оюну көк бөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-14-сентябрда Казакстандын борбору Астанада өтөт. Оюндарга кыргыздын алыш, белбоо күрөштөрү дагы кирген. Жалпы спорттун 20 түрү боюнча мелдеш болот.

Маданият министринин орун басары, дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомуновдун билдирүүсүнө ылайык Кыргызстандан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 280ге жакын спортчу катышары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM