Биз менен байланышыңыз

«Жарым литр суунун баасы 110 сом». Депутат министр менен баалар боюнча талашты

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 320 | 0
Депутат Акылбек Түмөнбаев тармактык комитеттин жыйынында

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев парламенттеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин 27-майдагы жыйынында баалар кымбаттап кеткени менен сүттүн сатып алуу баасы төмөн болуп жатканын сындады.

Ал «Легенда» суусунун жарым литри да 110 сомго чыкканын айтты.

«Мисалы, инфляция болгондо бир доллар 100 сомго көтөрүлгөн. Өлкөдө бардык нерсе кымбаттады, нандан баштап, жол кирени, электр энергия кымбаттады. Ал эми дыйкандардын сүтүнүн баасы кайра ылдый түшүп жатат. Мына көчөгө чыгып эле дүкөндөн жарым литр суу алсаңыз (Легенда суусун көрсөтүп) баасы 110 сом. Алып көрдүңүз беле? Сизге жардамчыларыңыз мамлекеттин эсебинен бекер берет да» , — деди депутат.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев айлык маянага жашай турганын, сууну бекер албай турганын айтып, жарым литр суунун баасы 110 сом дегенди четке какты.

Депутат 0,5 литр суу 110 сом экенин аны менен кошо дүкөнгө барып далилдөөгө даяр экенин айтты. Министр аны менен барууга даяр экенин кошумчалады.

«Шоро» компаниясынын «Легенда» суусунун жарым литри Бишкектеги дүкөндөрдө 26-30 сомдон сатылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM