Биз менен байланышыңыз

УКМК Көлбаевдин туугандары адам уурдоого шектелип кармалганын кабарлады

Кыска кабар | 23 мая 2024 | 241 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин колдоосунан пайдаланып, мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн айрым адамдар тууралуу маалымат түшкөн.

Тактап айтканда, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Көлбаевдин туугандары Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан. Натыйжада козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Учурда адам уурдоо фактысы боюнча Ж.Э.А. Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM