Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 23-майда жаан жаайт

Кыска кабар | 22 мая 2024 | 120 | 0

Эртең, 23-майда түнкүсүн  Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүзгү +20…+22 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM