Биз менен байланышыңыз

Америкалыктардан кыргызстандыктарга англис тилиндеги 12 миңден ашык китеп берилди

Кыска кабар | 22 мая 2024 | 162 | 0

АКШнын эли тарабынан топтолгон 12 миңден ашык англис тилиндеги китеп Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мектеп, китепкана, университеттерге, жалпы 30 уюмга берилди.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

«Ар курактагы адамдарга багытталган, темалардын кеңири спектрин камтыган китептер англис тилин үйрөнүү үчүн баалуу булак болуп саналат. Бул белек кыргыз элине англис тилин үйрөнүүгө, жаңы билимдерди алууга жана кийинки муундарга эл аралык достуктун духун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет» , — деп айтылат маалыматта.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лессли Вигери бул китептер Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын элин байланыштырган көпүрө болорун белгилеген.

Китептер Фергана өрөөнүнүн Ротари Клубу, Аялдардын Тынчтык банкы коомдук фонду, ОшМУ, АКШ элчилиги жана кыргыз өкмөтү, Президенттик администрациясы, Билим берүү Эмгек министрликтери менен биргелешкен аракеттердин жыйынтыгында топтолгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM