Connect with us

Үч жылда Сирия жана Ирактан 517 кыргызстандык кайтарылды

Кыска кабар | 15 Май 2024 | 229 | 0

2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 517 жашы жете элек жараны жана балдар мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Ташкент шаарында өткөн Борбор Азияда кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Сирия жана Ирактан келген жарандарыбызды мекенине кайтаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жана министрлер кабинети бекиткен иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө.

«Кыргызстанга келгенден кийин жарандар реабилитациялык , теологиялык, педагогикалык иш-чаралардан өтүп, туугандарына өткөрүлүп берилет»,— деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM