Биз менен байланышыңыз

«Урааным Манас» сынагы өлкө боюнча токтотулду

Кыска кабар | 3 мая 2024 | 215 | 0

«Урааным Манас» кароо-сынагы республика боюнча токтотулду.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева саламаттык Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Сузак районунда автокырсыктан жабыркаган балдардан Жалал-Абад облустук балдар клиникасына 3-майда түндө барып кабар алды.

Бул окуяга байланыштуу окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан «Урааным Манас» кароо-сынагы республика боюнча токтотулду.

Министрлик медициналык уюмдар жана бардык тараптар менен кызматташып, балдар менен алардын үй-бүлөлөрүнө толук колдоо көрсөтөт.

«Мындан тышкары Жогорку окуу жайлардын психолог педагогдору тартылып, жеринде балдар жана ата-энелер үчүн күн-түнү тамак ашы, жатаканасы менен убактылуу кризистик борбор уюштурат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM