Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Эл аралык стипендияны алуу үчүн документтер 2024-жылдын 1-майынан 30-майына чейин онлайн форматта кабыл алынат.
«Эл үмүтү» стипендиясынын максаты –Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (QS World University Rankings, Times Higher Education топ — 100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү.
Катталуу үчүн шилтемеге кириңиз.