Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган менен жолугушту

Кыска кабар , Саясат | 1 мая 2024 | 471 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган менен жолугушту.

«Географиялык жайгашуусунун артыкчылыгы менен Шэньси провинциясы Кыргызстан менен эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмдөрүн тарта алат, бул Кытай менен өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөт», – деди Акылбек Жапаров.

Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган өз кезегинде меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар биргелешкен долбоорлорду талкуулоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгиледи. Ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын Шэньси провинциясына экспорттоо, туризмди өнүктүрүү, биргелешкен Кыргызстандын өнөр жай зоналары жана айыл чарба парктары боюнча пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүнү талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM