Биз менен байланышыңыз

Ош облусундагы президенттин өкүлү Элчибек Жантаевге сөгүш берилди

Кыска кабар , Саясат | 1 мая 2024 | 480 | 0

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жантаев Элчибек Нуржадыевичке Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн сөгүш берилди. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин 25-апрелде министлер кабинетинин жыйынында төрага Акылбек Жапаров бир катар министрлерге жана алардын орун басарларына, анын ичинде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Элчибек Жантаевге өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Айрым район жетекчилери жана алардын орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулары белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM