Биз менен байланышыңыз

Ноокат жана Ысык-Көл округу боюнча 30-июнга мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиленди

Кыска кабар , Саясат | 30 Апр 2024 | 489 | 0

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга белгиленди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Өткөн аптада Борбордук шайлоо камиссиясы өз каалоосу менен жазылган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун жана Максатбек Сарыбагышевди депутаттык мандатынан ажыраткан.

Ошондой эле «Ишеним2 партиясынан шайланып келген Эмилбек Жусупов дагы мандатын тапшырган, анын ордуна Советбек Рустамбек уулу депутат болуп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM