Биз менен байланышыңыз

Бир айда 1-класска 59 миңден ашык бала катталды

Кыска кабар | 29 Апр 2024 | 128 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинин Санариптик трансформация бөлүмүнүн 29-апрелге карата берген маалыматына ылайык, республика боюнча 59 миң 80 бала катталды.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
Ысык- Көл облусу — 5547 (жалпы квота – 13 миң 821)
Жалал-Абад облусу — 11443 (жалпы квота – 34 миң 778)
Нарын облусу — 3709 (жалпы квота – 7 миң 741)
Баткен облусу — 6979 (жалпы квота – 16 миң 190)
Ош облусу —11550 (жалпы квота – 35 миң 785)
Талас облусу — 3257 (жалпы квота – 6 миң 957)
Чүй облусу — 8839 (жалпы квота – 31 миң 474)
Бишкек шаары — 5957 (жалпы квота – 17 миң 908)
Ош шаары — 1799 (жалпы квота – 11 миң 233)

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM