Connect with us

30-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Апр 2024 | 165 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM