Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү жайында 3 саатка адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.
Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей, өткөрүү бекетинде саат 16:00дөн 19:00гө чейинки мезгил аралыгында техникалык жумуштар жүргүзүлөт.
Чек ара кызматы жарандардан жол жүрүүнү алдын ала пландаштырууну суранат.