Connect with us

Ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды

Кыска кабар | 29 Апр 2024 | 173 | 0

УКМК баңги каражаттарын жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде мыйзамдарга өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган «Мефедрон» баңги затынын реагенттери (компоненттери) болгон химиялык заттардын көмүлгөн жайын аныктады.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 300 килограммдан ашык порошок түрүндөгү жана 360 литрге жакын суюктук түрүндөгү химиялык заттар документтештирилип, алынды. Аталган заттардын бири синтетикалык Альфа-Пирролидинопентиофенон (Альфа-ПВП) дарысы болсо, калган заттар Мефедрон синтетикалык дарысынын реагенттери болуп чыкты.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган каражаттардан 10 кг мефедрон өндүрүлүп, ал 10 миң дозадан ашмак, аны калк арасында сатканда наркы 500 миң долларды түзмөк.

Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК баңгизаттарды колдонууга жол берилбестигин, аларды өндүрүп тараткандар мыйзам тарабынан катуу жазаланаарын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM