Биз менен байланышыңыз

Тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыска кабар | 27 Апр 2024 | 77 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейинки жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө:

  • Кыргызстандын тоолуу райондорунда;
  • Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл.

Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз «112» кызматына тезинен кабарлаңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM