Биз менен байланышыңыз

Коммерциялык эмес уюмдардын иштөө тартиби талкууланды

Кыска кабар | 27 Апр 2024 | 74 | 0

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү 50дөн ашык бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргызстан өлкөдө демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн КЭУлардын жана ӨЭУлардын олуттуу салымын жогору баалайт.

Талкуунун негизги темасы — жакында кабыл алынган коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдн киргизилиши жана аларды мындан ары бул уюмдардын практикалык ишмердигинде колдонуу, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктоо болду.

Минкаб башчысынын орун басары жолугушуунун катышуучуларын Юстиция министрлиги тарабынан учурда иштелип жаткан жоболор биздин өлкөдө жарандардын жана алардын бирикмелеринин, коммерциялык эмес уюмдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, коомдук турмушка активдүү катышууга багытталат деп ишендирди.

Жыйындын жүрүшүндө коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү сунуштарын айтышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM