Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Ала-Тоо» аянты оңдоп-түзөөгө жабылат

Кыска кабар | 27 Апр 2024 | 89 | 0

Бүгүн, 27-апрелден тарта Бишкектин «Ала-Тоо» аянты реконструкциялоого жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жумуш убагында Ардак кароол алынат. Аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө.

Архитектура жана шаар куруу эстелиги болуп саналган аянттын азыркы композициясы «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы даярдаган жаңы концепциянын өзөгүн түздү.

Аталган ишкана 100 метрлик желексаптын долбоорун да иштеп чыкты. Учурдагы желексаптын бийиктиги 45 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, курулуш жумуштары маалында унаалар үчүн жол жабылбайт. Эс алуу жайлары гана жабылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM