Биз менен байланышыңыз

«Баткен таштандысыз» экологиялык арт-фестивалы өттү

Кыска кабар | 27 Апр 2024 | 56 | 0

«Баткен таштандысыз» экологиялык арт-фестивалы өттү. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Фестивалдын алкагында катышуучулар алгач таштанды маселесинин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн талкуулоо үчүн Баткен шаарындагы таштанды төгүүчү жайына барышты. Адистер жеринен таштандынын зыяндары тууралуу кеңири маалымат берип, таштандыларды көмүүчү жайларга каршы күрөшүүнүн жолдорунун бири – кайра иштетүүгө жарамдуу материалдарды чогултуу жана кайра иштетүү экендигин белгилешти.

Андан соң Баткендеги жаңы өндүрүш, «Баткен Таза Аймак» желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетип, синтепон чыгаруучу ишканасына саякат уюштурулду. Аталган ишкана буга чейин желим бөтөлкөлөрдөн сырье гана чыгарып, Россияга экспорттоп турган болсо, бүгүндөн баштап синтепон продукциясын өндүрүп баштады. Ишкана алгач президент Садыр Жапаровдун «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгына ылайык, мамлекеттин колдоосу менен кайтарымсыз гранттын эсебинен курулган. Ал эми синтепон чыгаруу үчүн жабдууларды орнотуу иш аракеттери БУУнун, «Тазар Мекеним» «жана Эко Баткен» коомдук уюмдарынын колдоосу менен ишке ашты.

Иш чара жергиликтүү бийлик менен Бишкек заманбап искусство мектеби, «Тазар», «ЭкоБаткен», «Баткен Таза Аймак» коомдук уюмдарынын, Баткен облустук музыкалык-драма театрынын өнөктөштүгү астында уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM