Биз менен байланышыңыз

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму ТикТокту жабуудан баш тартууга чакырды

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 84 | 0

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму Кыргызстанда ТикТоктун жабылышына тынчсыздануу билдирди. Уюмдун билдирүүсү X социалдык тармагына (Твиттер) жарыяланды.

«Жашы жете электерди коргоо шылтоосу менен бул чечим интернетте маалымат алуу укугун чектейт. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму өкмөттү бул өзүм билемдик менен бөгөт коюуну алып салууга жана платформаларды жөнгө салуу үчүн так мыйзамдык базаны аныктоого чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргызстандагы интернет провайдерлерине TikTok социалдык тармагына чектөө киргизүүнү өтүнгөн кат жолдогон.

Буга чейин аталган башкармалыкка УКМКдан кат келген. Анда балдар үчүн интернет контенттерге көзөмөл болбой жатканы айтылган. 18-апрелден тарта айрым интернет-провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM