Биз менен байланышыңыз

АФК Кубогу: «Абдыш-Ата» австралиялык клуб менен тең чыкты

Кыска кабар , Спорт | 18 Апр 2024 | 402 | 0

Кечээ, 17-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «Абдыш-Ата» футболдук клубу АФК Кубогунун 2023/2024 интерзоналдык финалынынын биринчи беттешин өткөрдү. Анда ата-мекендик клуб австралиялык «Централ Кост Меринерс» клубу менен беттешти.

Беттештин биринчи бөлүгүндө эки команда тең эсепти ачкан жок.

Экинчи бөлүк дагы салыштырмалуу командалардын тең тирешүүсү менен өттү, бирок оюндун 80-мүнөтүндө австралиялык клуб стандарттык абалдан гол жаратты.

Ал эми оюндун акыркы мүнөттөрүндө Абдыш-Ата клубунун чабуулчусу Магамед Узденов  эсепти теңдөөгө жетишти.

Жыйынтыгында беттеш 1-1 эсебинде клубдардын тең чыгуусу менен аяктады.

Жооптук беттеш 24-апрелде Австралиянын Госфорд шаарында өтөт.

Жуптун жеңүүчүсү финалда Батыш зонанын чемпиону менен кез келет. Аталган зонанын чемпиону наамы үчүн Ливандын «Аль-Ахед»  жана Омандын «Аль-Нахда»  клубдары ат салышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM