Кечээ, 17-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «Абдыш-Ата» футболдук клубу АФК Кубогунун 2023/2024 интерзоналдык финалынынын биринчи беттешин өткөрдү. Анда ата-мекендик клуб австралиялык «Централ Кост Меринерс» клубу менен беттешти.
Беттештин биринчи бөлүгүндө эки команда тең эсепти ачкан жок.
Экинчи бөлүк дагы салыштырмалуу командалардын тең тирешүүсү менен өттү, бирок оюндун 80-мүнөтүндө австралиялык клуб стандарттык абалдан гол жаратты.
Ал эми оюндун акыркы мүнөттөрүндө Абдыш-Ата клубунун чабуулчусу Магамед Узденов эсепти теңдөөгө жетишти.
Жыйынтыгында беттеш 1-1 эсебинде клубдардын тең чыгуусу менен аяктады.
Жооптук беттеш 24-апрелде Австралиянын Госфорд шаарында өтөт.
Жуптун жеңүүчүсү финалда Батыш зонанын чемпиону менен кез келет. Аталган зонанын чемпиону наамы үчүн Ливандын «Аль-Ахед» жана Омандын «Аль-Нахда» клубдары ат салышууда.