Кыргызстанда 15-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарга кар жайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 19…21° жылыйт.