Биз менен байланышыңыз

Акыркы үч айда миңден ашык жол кырсыгы катталып, 99 адам каза болду

Кыска кабар | 14 Апр 2024 | 173 | 0

Кыргызстанда жыл башынан тартып, үч ай ичинде 1364 унаа кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын  кесепетинен 99 адам каза болуп, 1965 адам ар кандай жаракат алган.

Ал эми өткөн жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыгы — 8 пайызга, жаракат алгандар — 7,6 пайызга, ал эми көз жумгандар — 20,8 пайызга азайган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM