Биз менен байланышыңыз

Жаздын алды менен Зардалы айылына чейин бир тилкелүү жол салынат

Кыска кабар | 14 Апр 2024 | 184 | 0

Баткен облусунун эң алыскы Зардалы айылына чейин бир тилкелүү жол салынат. Долбоору жасалып башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, эмдиги жылдын бюджетине киргизилип, жаздын алды менен иш башталат.

«Бирок тилекке каршы бир тилкелүү эле жол болот. Эки тилке кылууга мүмкүн эмес, аскалуу жерлери бар экен. Кулап кетүү коркунучу бар.Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан унааны өткөрүп жиберүү үчүн “чөнтөкчөлөр” жасалат. Азырынча “Жоктон көрө жогору дегендей” бир тилкелүү жол салып туралы. Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл», – деп жазды мамлекет башчысы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM