Биз менен байланышыңыз

Президент Улуттук илимдер академиясына барды

Кыска кабар | 13 Апр 2024 | 123 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барды.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мамлекет башчысы кызматкерлердин иш шарттары менен таанышып, илимий ишмерлер, академиянын жетекчилиги менен сүйлөштү.

Баарлашуу учурунда Садыр Жапаров илимпоздорду илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы технологияларды жана инновацияларды иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөнүн алдында турган түрдүү маселелер боюнча эксперттик кеп-кеңештерди берүү аркылуу экономика тармактарын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырды.

Жапаров илимий ишмерлердин көңүлүн мамлекетке жана коомго пайда алып келе турган илимий ачылыштарды жасоого шарттарды түзүү үчүн реформаларды жүргүзүү зарылдыгына бурду.

Бүгүн ошондой эле президент Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, аймакты көрктөндүрүү жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Президент кароосуз калган коомдук жайларды ирээтке келтирүү зарылдыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM