Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 13 Апр 2024 | 122 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-апрель түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 19…21 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM