Биз менен байланышыңыз

Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду

Кыска кабар | 13 Апр 2024 | 76 | 0

Кыргызстандын эркин күрөш курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медалын жеңди.

Кыргызстандык балбан 61 кг салмак категориясында турнирдин экинчи айлампасынан тартып катышып, алгач 1/8 финалда Түндүк Кореялык атаандашы Кум Чол Рини 5:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалга чыккан. Жарым финалда ал ирандык Резу Атринаргхарчи 11:7 эсебинде артка калтырган.

Ал эми алтын медаль үчүн күрөштө кыргыз балбаны казакстандык атаандашын 3:1 эсебинде утуп, экинчи ирээт Азия чемпиону аталды. Ал былтыр дагы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында биринчиликти алган.

Белгилей кетсек, кечээ турнирдин биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) коло медаль утушкан.

Эске салсак, ушул тапта «Бишкек Арена» муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

  • 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш,
  • 13-14-апрель кыз-келиндер арасында,
  • 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM