Биз менен байланышыңыз

Жер, Суу жана Эмгек кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилет

Кыска кабар | 13 Апр 2024 | 88 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын күн тартибине 30 маселе киргизилди.

Отурумда «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору каралып, жактырылды.

Жер кодексинин жаңы концепциясынын долбоору жер ресурстарын эффективдүү башкарууга гана шарт түзбөстөн, жерге болгон мамиленин маданиятын жана философиясын өзгөртүүгө, жеринде жерди башкаруу институттарын чыңдоого, жер рыногун жакшыртууга салым кошууга тийиш.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарын, Кыргызстандын суу фондунун жерлерин башкаруу, пайдалануу жана коргоо жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу өлкөнүн бардык мыйзамдарын бириктирүүгө мүмкүндүк берет.

Андан соң «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын токтомунун долбоору каралып, жактырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM