Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 10-апрелде күн жылыйт

Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 317 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-апрелге караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16… +21,

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6… +11, күндүз +18…+23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2… +3, күндүз +10…+15,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз + 12…+17.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз, +19…+21 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM