Биз менен байланышыңыз

11-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 8 Апр 2024 | 65 | 0

11-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары; Жаш Гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе — Манас проспектиси; Дэн Сяопин проспектиси – Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Фучик көчөсү – Казаков көчөсү чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу Запад-2 суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM