2024-жылга Ысык-Көл облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 197,1 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Бул каражатка аймакта 66 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Анын ичинен:
- Ысык-Көл району — 15 объектиге 36,4 млн сом;
- Түп району — 11 объектиге 29,6 млн сом;
- Ак-Суу району — 12 объектисине 40,9 млн сом;
- Тоң району — 12 объектиге 35,9 млн сом;
- Жети-Өгүз району — 7 объектиге 29,2 млн сом;
- Балыкчы шаары — 3 объектисине 9,5 млн сом;
- Каракол шаары — 6 объектиге 15,6 млн сом.
Жалпы:
- 24 мектепке –— 65,1 млн сом;
- 2 саламаттыкты сактоо мекемелерине — 6,6 млн сом;
- 12 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине — 46,0 млн сом;
- 3 спорттук курулуштар — 10,9 млн сом;
- 14 маданий маанидеги объектилерге — 37,6 млн сом;
- 11 бала бакчага — 30,9 млн сом.