Биз менен байланышыңыз

Бишкекте шамалга байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал алынды

Кыска кабар | 5 Апр 2024 | 94 | 0

Бишкек мэриясынын буйругу менен 4-апрелден тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

28-мартта Бишкектин аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталып, шаардын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Бишкекте катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган. 101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган.

4 участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына 31 атайын техника жана 143 кызматкер тартылган, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан 21 атайын техника тартылган. Ошондой эле Чыгыш РЭСтин 12 бригадасы, Түндүк РЭСтин 10 бригадасы тартылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 млн 749 миң 923 сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM