Биз менен байланышыңыз

Мектеп директорлорунан акча талап кылууга шектелген инспектор кармалды

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 143 | 0

Бишкек шаарындагы мектеп жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылууга шек саналып Эсептөө палатасынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Буга чейин маалымдалгандай, УКМК мамлекеттик бюджеттен каржылануучу Бишкек шаарындагы мектептердин жана балдар чыгармачылык борборлорунун жетекчилеринен пара алуу боюнча Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүндөгү туруктуу коррупциялык схеманы аныктаган.

Бишкек мэриясынын Свердлов райондук билим берүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүүдө Эсептөө палатасынын инспектору Ж.К.Н., актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 28 билим берүү мекемесинин 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүп, опузалап 5400 доллар алган.

Өз кезегинде башкармалыктын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында окуучулардын санына жараша билим берүү мекемелеринен 18 миң сомдон 27 миң сомго чейин акча каражатын чогултушкан.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасоого шектүү катары Эсептөө палатасынын инспектору Ж.К.Н., КР кармалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM