Биз менен байланышыңыз

Тайванда жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 131 | 0

Тайванда жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, учурда Хуалянь уездинде Кыргызстандын 12 жараны жашайт жана алар жер титирөөдөн жабыркаган эмес.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин маалыматы боюнча, Тайванда Кыргыз Республикасынын 60тан ашык жараны туруктуу жашайт, алардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзөт.

3-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:58де Тайвандын чыгыш жээгинде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу аралдын чыгыш сууларында, Хуалиен округунан 18 чакырымдай түштүк-чыгышта, 35 чакырымдай тереңдикте болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM