Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Үч жылда 315 мектеп жана 69 бала бакча курулду

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 117 | 0

Кыргызстанда үч жылда 315 мектеп жана 69 бала бакча курулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, айрыкча социалдык объектилерди куруу колго алынды.

«Акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектиси курулду, ошондой эле 125 айылдын таза суу маселеси чечилди», — деди ал.

2023-жылдын аягына чейин билим берүү тармагынын 140 объектисинин курулушу аяктаган. Мындан тышкары Баткен облусунда 417 турак жай жана 23 социалдык объект пайдаланууга берилди.

Үч жылдын ичинде Ош облусунда 113 объект, анын ичинде 73 мектеп жана бала бакча курулган. Жалал-Абад облусунда 66 объект (38 мектеп), Баткен облусунда 67 социалдык объект курулган.

«Быйыл Чүй облусуна басым жасайбыз. Өткөн жылы калкы эң көп Чүй облусунда 15 гана мектеп курулган», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM