Биз менен байланышыңыз

Балдарды 1-класска электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 129 | 0

Кыргызстанда балдарды 1-класска электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Анын айтымында, биринчи этап — 8-апрелден 2-июнга чейин, ал эми экинчи этап — 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт.

«Биринчи этапта ата-эне баласын 1-класска юридикалык жашаган жери боюнча каттата алат. Бул биринчи кезекте баланын коопсуздугу үчүн маанилүү. Кайсы мектепка карай турганын mektep.edu.gov.kg порталынын «мектепти издөө» бөлүмүнөн билсе болот. Анда атанын же эненин ПИН-номерин киргизүү аркылуу кайсы мектепке караштуулугун билүүгө мүмкүн болот. Ал эми экинчи этапта ата-эне жашаган жерине карабастан, кайсы мектепте орун бар болсо ошол мектепке каттата алат», — деди ал.

Айнура Кусеинова кабыл алуу тартиби былтыркыдай эле болорун белгиледи.

«Эгер бала 6 жашта болсо, анда ал даярдоо класстарында окуусун улантса болот, же ата-эне 1-класска берүүгө укугу бар. Эгер бала окуу жылынын башталышында 7 жашка чыккан болсо, анда ата-эне аны 1-класска каттатууга милдеттүү. Ал эми айрым учурда кандайдыр бир себептер менен бала 8 жашка чыгып, бирок 1-класска бара элек болсо, анда анын ата-энеси райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылышы керек. Алар өзүнүн комиссиялык чечими менен баланы 1-класска каттайт», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM