Биз менен байланышыңыз

500 миңге жакын адам салык декларациясын тапшырды

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 238 | 0

Кыргызстанда 499 миң 918 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Анын ичинен 57 миң 270 юридикалык жактар, 112 миң 63 жеке ишкерлер, 264 миң 808 жеке жактар, ошондой эле 65 миң 777 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

1-майга чейин салык декларациясын жеке ишкерлер, патент менен иштегендер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, дыйкан жана фермердик чарбалар, мамлекеттик органдын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин кызматкерлери, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар, жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын тапшырышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM